Бишкек шаарынын Свердлов жана Биринчи Май райондук округдары боюнча кайра шайлоого катышуу ниетин билдиргендердин саны онго жетти. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясы кабарлады.
"Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына 2022-жылдын 27-февралында өтүүчү №27 Биринчи Май жана №29 Свердлов шайлоо округдары боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын кайра шайлоого катышуу жөнүндө 10 талапкерден (өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде) билдирме түштү", - деп билдирди БШК.
Азырынча БШКга төмөнкү 10 талапкерден арыз түшкөн:
1. Сурабалдиева Эльвира Жыргалбековна - Биринчи Май шайлоо округу;
2. Алмамбетова Гуля Идиновна - Свердлов шайлоо округу;
3. Жакыпбеков Шадыкан Мырзаканович - Биринчи Май шайлоо округу; 4. Асанбеков Жаныбек Асанбекович - Свердлов шайлоо округу; 5. Токтакунов Нурбек Акбарович - Биринчи Май шайлоо округу; 6. Жолдошова Назгуль Амантуровна - Свердлов шайлоо округу; 7. Сартаев Анвар Айдарович - Биринчи Май шайлоо округу; 8. Керимбаев Жусубалы Топчубаевич - Свердлов шайлоо округу;
|