Кайра шайлоо: Биринчи Май шайлоо округу боюнча добуш берүүчүлөрдүн саны 109 457ни түздү

Тектеш кабарлар: Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо - 2021 (430 материал)

27-февралда өтүүчү №27 Биринчи Май жана №29 Свердлов шайлоо округдары боюнча шайлоочулардын алдын ала тизмеси жарыяланды. Бул тууралуу БШКнын расмий сайтында көрсөтүлөт.

№27 Биринчи Май шайлоо округу боюнча алдын шайлоочулардын саны 109 457. Анын ичинен:

  • эркектер - 46112;
  • аялдар - 63345.

№29 Свердлов шайлоо округу боюнча шайлоочулардын саны 103 413. Анын ичинен:

  • эркектер – 43683;
  • аялдар - 59730.

Эки шайлоо округу боюнча шайлоочулардын саны 212 870ти түзөт. Аалардын ичинен:

  • эркектер – 89 795;
  • аялдар – 123 075.

Белгилей кетсек, 28-ноябрда өткөн шайлоодо аталган эки округда шайлоого катышкан жарандар баарына каршы добуш бергендердин саны көп болгон. Анда Биринчи Май районунда 32,92 пайыз, Свердлов районунда 37,48 пайыз бардыгына каршы добуш берген.

Бишкектин Свердлов жана Биринчи Май округунда кайра шайлоо 27-февралда өтөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан