SUPER.KG порталы ар бир кесиптин ээлеринин иш учурундагы башынан өткөргөн, өмүр бою эсинен кетпей турган окуяларын баяндоону улантат. Бул жолу бизге өзүнүн кызыктуу баянын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Токмок шаардык №21 куткаруу кызматынын улук өрт өчүрүүчү-куткаруучусу, улук сержант Аманбай Эсенгул уулу айтып берет. Аманбай Эсенгул уулу 1995-жылдын 27-мартында жарык дүйнөгө келген. Учурда үй-бүлөлүү, бир кыздын атасы. 6 жылдан бери ӨКМнын курамында иштеп келет. Алгач 2016-жылы Кемин районуна өрт өчүрүүчү-куткаруучу болуп кирген. 2018-жылы Ысык-Ата районуна да которулуп иштеген соң, ушул жылдын август айынан тартып Токмок шаардык ӨКБда эмгектенип келүүдө.
Өрт өчүрүүчү-куткаруучу кесибине мени улуу агам алып келген. Өзүм архитектор болууну кыялданчумун. Үй-бүлөлүк шартка байланыштуу бул оюм ишке ашпай калды. Ошентип агамдын кеңеши жана колдоосу менен ӨКМга кирип өрт өчүрүүчү-куткаруучу болуп иштеп калдым. Убакыттын өтүшү менен кесибим өзүмө жагып, аны сүйүп калдым. Мен өз кесибим менен сыймыктанам десем жаңылышпайм. Себеби кызматың аркылуу башкаларга пайда келтире алсаң чыныгы жетишкендик ошол. Жашоодо чыныгы жетишкендик, чыныгы ырахат элге жагып, элдин керегине жарап турган сонун да. Учурда тиешелүү тармакта билим алууну улантып жатам. Офицер болууну кыялданам.
Биздин жумушта ойго келбей турган окуялар да катталат. Бир жолу Токмок шаарында көп кабаттуу турак үйдүн жер төлөсүндө аба кирип туруучу тешиктин торчосуна мышык тыгылып, чыгалбай калган экен. Үйдүн тургундары куткаруучуларды чакырып, биз жерине барып атайын шаймандарды колдонуп мышыкты аман алып калганбыз. Ушундай учурлар да катталат. Биз кичине же чоң дебей бардык өмүрлөрдү сактоого аракет кылабыз. Биз үчүн ар бир өмүр кымбат. Өкүнүчтүүсү көбүнесе арты жаман окуя менен коштолгон окуялар көп. Бир ирет Кемин райондук ӨКБда иштеп жүргөндө жол кырсыгы катталып, биз жерине барып унаада кыпчылып калган жаранды чыгарып, "Тез жардам" кызматына өткөрүп бергенбиз. Бирок өкүнүчтүүсү кырсык 6 адамдын өмүрүн алып кеткен. Биздин таң аткандан күн батканга чейин тилегенибиз, кырсыктар болбосо, көз жаш төгүлбөсө...
Жакында эле Токмок шаарында жаш жигит курулуп бүтө элек көп кабаттуу турак үйдөн боюн таштоого аракет кылган. Билдирүү түшкөндө биз дароо жетип бардык. Бирок жигитти куткаруу оңойго турган жок. Себеби ал мас абалында жана колунда бычак бар эле. Бизди жанына жолотпой койду. Биз да өмүр үчүн күрөшүп, натыйжада жигитти аман кармап калдык. Бул окуяга байланыштуу көрсөткөн эрдигибиз үчүн кесиптештерим жана мен жетекчилик тарабынан Ардак грамота жана медаль менен сыйландык. Дагы бир окуя Ысык-Ата районунда иштеп жүргөндө болгон. Анда эмерек жасоочу цехте өрт чыгып, биз кырсык катталган жерге барып, алоолонуп жаткан өрттү ооздуктоого жең түрө кириштик. Чоң өрттү чектөөгө алып, эмеректерди жана чоң аянтты өрттөн сактап калдык. Өрттү өчүргөндөн кийин бейтааныш жаныбызга басып келип “Азаматсыңар, жигиттер! Мыкты иш алып бардыңар! Менин бул жакка тиешем жок, силердин тилсиз жоо менен алпурушуп жатканыңарды көрүп токтоп калдым. Жумушуңар аябай оор экен” деп чаңкап турганыбызды байкап, суусундук жана таттууларды алып берген. Ошондо ошол жолоочуга абдан ыраазы болгонбуз.