Акылбек Жапаров жумушчулардын 97 пайызын Кыргыз жарандары түзгөн Жерүй кенине барды

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Талас облусуна жумушчу сапарынын алкагында Жерүй кенине барды.

Анда Жапаров алтын чыгаруучу фабриканын иши, кургак калдык сактоочу жайдын абалы менен таанышып, алтын кен комбинатынын эмгек жамааты менен жолугушту. Бул туурасында министрлер кабинетинен кабарлашты.

Аталган ишканада 1367 жумушчу орун түзүлгөн, мында кызматкерлердин 97 пайызы Кыргыз жарандары (алардын 70 пайызы – Талас облусунун тургундары).

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан