Төкмө акын Болот Назаров эч жакка чыкпоо тил каты менен бошотулду. Бул туурасында Бишкек ШИИББинин маалымат кызматынан кабарлашты.
Белгилүү болгондой, мындай чечим сот тарабынан кабыл алынды.
Белгилей кетсек, кечээ, 22-январда Temirov Live иликтөөчү журналисттердин кеңсесинде милиция кызматкерлери жана бет капчан адамдар тарабынан тинтүү жүргүзүлүп, журналист Болот Темировду укук коргоочулар кармап кетишкен. Андан кийин акын Болот Назаров дагы кармалганы кабарланган.
Бүгүн, 23-январда журналист менен акынды колдоп, алардын бошотулушун талап кылган митинг болду. Свердлов райондук соту журналист Болот Темировдун баш коргоо чарасын карап, эч жакка чыкпоо тил каты менен бошотту.