Бүгүн, 26-январда Жогорку Кеңеште депутат Айгүл Айдарова ант берди.
Вице-спикер Улан Примов аны куттуктап, ишине ийгилик каалады.
Айдарова Орозайым Нарматованын ордуна келди.
Эскерте кетсек, Борбордук шайлоо комиссиясы Жогорку Кеңештин депутаты Орозайым Нарматованы каттоону жокко чыгарган. Бул тууралуу чечим 20-январда аталган комиссиянын жыйынында кабыл алынган. Бул токтомго БШКнын 10 мүчөсү "макул" деп добуш берди. Буга Нарматова жогорку билими тууралуу дипломду мыйзамсыз алганы жөнүндө УКМК менен Билим берүү жана илим министрлигинин маалыматы себеп болгон.