Жогорку Соттун төрагалык кызматына Замирбек Базарбеков дайындалды. Бул туурасында бүгүн, 2-февралда президенттин администрациясынан кабарлашты.
Өлкө башчы Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, Замирбек Базарбеков 5 жылдык мөөнөткө Жогорку соттун төрагасы болуп дайындалды.
Белгилей кетсек, 31-январда Жогорку Соттун төрайымы Нургүл Бакирова кызматтан кетүү боюнча арыз жазган. Президент кол койгон буйрукка ылайык, Нургүл Бакирова озу жазган арызынын негизинде кызматынан бошотулду.