Саясатчы Курсан Асанов абактан бошотулганын анын жактоочусу Чынара Жакупбекова Фейсбук баракчасына жазды.
Юрист сот залынан саясатчы менен түшкөн сүрөтүн жарыялап “Курсан Сатарович эркиндикте” деп жазган.
Кечээ ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асановдун баш коргоо чарасы Бишкек шаардык сотунда каралып, Октябрь окуясы боюнча бошотулган. Бирок башка иш боюнча абакта кармоо чечими болгондуктан бошотулган эмес. Ал иш боюнча бүгүн баш коргоо чарасы караларын жактоочусу кабарлаган.