Ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асанов бүгүн, 3-февралда абактан бошотулду. Сот залынан чыккандан кийин Курсан Асанов тарапташтарына ыраазычылык айтып, пикирин билдирди.
"Мени азыркы бийлик өкүлдөрүнө жаман көрсөтүү максатында кайсы бир күчтөр Алмаз Сарыбаев менен сүйлөштү деген жалган көрсөтмөнү чыгарышкан. Ошондон улам 5 айда бир да жолу суралган жокмун. Сарыбаев дагы суралган жок. Мени колдогон жалпы тарапташтарыма, мурдагы кесиптештериме, активисттерге, медиа өкүлдөрүнө ыраазычылык билдирем.
Мен бир да жолу бийликке каршы чыккан эмесмин. Бул актануу үчүн эмес. Жергебизде тынчтыктын, туруктуулуктун болушу мен үчүн чоң жетишкендик. Мен жөнөкөй жаран катары да кызмат кылуудан тайбайм. Принциптеримден кайтпайм, көз карашым бар. Мен ойлойм, бул кылмыш иши сөзсүз жокко чыгат. Эгер акталып чыксам ушунча убакыт камакта отурганым үчүн соттошпойм. Мен бул жөнүндө ойлогон да жокмун. Бири-бирибизге таарынычыбызды токтотуп, өлкөнү өнүктүрүшүбүз керек, экономиканы көтөрүп, бири-бирибизди жамандаганды токтотушубуз керек. Менин эч кимге доом жок", - дейт Асанов.
Белгилей кетсек, Курсан Асановго карата 3 кылмыш иши козголгон. Биринчиси, Кой-Таш окуясы боюнча, экинчиси Октябрь окуясы боюнча, үчүнчүсү болсо Курсан Асанов менен Алмаз Сарыбаев бийликти басып алуу жөнүндө сүйлөштү делген аудио боюнча.
2-февралда Асановдун баш коргоо чарасы Бишкек шаардык сотунда каралып, Октябрь окуясы боюнча бошотулган. Бирок башка иш боюнча абакта кармоо чечими болгондуктан бошотулган эмес.