Чүй облусундагы Сокулук аймактык ооруканасына оор абалда түшкөн 2 жашар баланын абалы айтылды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына аталган оорукананын дарыгери Венера Китаева билдирди.
"2020-жылы туулган К.Е. аттуу бейтапты атасы 3-февралда саат 22:20да ооруканага оор абалда алып келген. Баланын атасы анын иш берүүчүсү, Арал айылынын С. аттуу тургуну сабаганын айтты. Бул нерсени укук коргоо органдары такташ керек. Бала алгач жандандыруу бөлүмүнө түшкөн. Дарыгерлер баланын бардык жаракаттарын таңды. Учурда палатага которулду. Абалы орто. Бирок ыйы токтой элек. Жанына атасынан башка эч кимди жолотпой жатат", - деди ал.
Эскерте кетсек, Чүй облусунун Сокулук районунда ооруканага денесинен жаракат алган эки жашар бала түшкөн.