Бир суткада 4 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Бишкекте - 1, Ысык-Көлдө – 2, Чүйдө - 1. Жалпысынан республика боюнча 7 миң 729 медицина кызматкеринен коронавирус аныкталган. Алардын ичинен бир суткада стационардан – 5 медицина кызматкери айыгып чыкты. Үй карантинден – 10 медицина кызматкери айыгып чыкты. Жалпысынан республика боюнча – 7 миң 326 медицина кызматкери айыкты.