Бишкек: Глобалдык булгануу

Жакында эле Бишкек кайрадан абасы эң булганган дүйнө шаарларынын рейтингинде экинчи орунга чыкты. Аба сапатынын индекси (AQI) 178 (норма 50) көрсөткүчү менен борбор калаабыз Кытайдын Ухань шаарынан кийин жайгашып, дүйнөдөгү эң булганган мегаполистердин үчтүгүнө кирди.

Аба сапатынын индекси (AQI) алты категорияга бөлүнүп, ден соолукка канчалык коркунучтуу экенин көрсөтүп турат. Бул көрсөткүчтүн 300дөн жогору болушу ден соолукка олуттуу коркунуч келтирүүсүн, ал эми 50дөн төмөн болсо абанын сапаты жакшы экениндигинин белгиси.

Бул жолу Бишкектин абасында негизги булгоочу зат – РМ2,5 концентрациясы Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму сунуштаган көрсөткүчтөн 22 эсе жогору болду.

PM2.5 деген эмне?

PM2.5 абадагы катуу микробөлүкчөлөр жана кичинекей тамчы түрүндөгү суюктуктар. Алар ден соолукка абдан коркунучтуу. 1990-2022-жылдар аралыгында 8,1 миллион адам дал ушул нерсеге байланыштуу каза тапкан. Ошондой эле PM2.5 бөлүкчөлөрү жашоонун узактыгын орточо 13,7 айга кыскартат. Жалпысынан жүрөк-кан тамыр жана дем алуу системасындагы ооруулардан каза болгондордун 3%ы жана өпкөнүн рагынан каза болгондордун 5%ы PM2.5ге байланыштуу. Бул Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун расмий маалыматы.

Бул дүйнөдөгү орточо көрсөткүч болсо, Бишкекте мындан 10 эсе жогору экенин эксперттер айтышууда. PM2.5 кичинекей дозадагы уулуу газ сыяктуу, дароо реакция бербейт, бирок алар организмде топтолуп, убакыттын өтүшү менен абдан олуттуу зыян алып келиши мүмкүн.

Ден соолук картасы

Эки ай мурун MoveGreen экологиялык кыймылынын өкүлдөрү соңку эки жылдагы Бишкектеги жылытуу мезгилине (2019-жылдын октябрынан 2020-жылдын мартына чейин жана 2020-жылдын октябрынан 2021-жылдын мартына чейин) абанын булгануусунун картасын даярдашкан. Аны бул шилтемеден көрсөңүз болот.

Активисттер жарандык абанын сапатын көзөмөлдөөчү 14 датчиктин жана Кыргызгидромет менен АКШ элчилигиндеги станциялардын маалыматтарын изилдешкен. Ал Бишкекте жылытуу мезгилиндеги 5 айда жашоо кооптуу экенин ачык-айкын көрсөтүп турат.

Эмне үчүн борбор калаанын абасы ден соолукка кооптуу

Экологдордун изилдөөсү боюнча күз-кыш мезгилинде эң булганган райондор бул - Биринчи Май жана Ленин району. Башкача айтканда, Бишкектин түндүк-батыш тарабы, айрыкча Фучик, Ош базары, Төмөнкү Ала-Арча бөлүктөрү. Бишкектин түштүк-чыгыш тарабы (Октябрь району) жылытуу мезгилинде салыштырмалуу азырак булганат. MoveGreen экологдору абанын булганышына жана кышында каптаган кара түтүнгө жеке турак-жай сектору түздөн-түз салым кошуп жатканын айтышат.

Тилекке каршы тургундар үйүн жылытуу үчүн көмүр, желим, эски дөңгөлөк жана башка таштандыларды колдонушат. Мэриянын 2021-жылга карата маалыматы боюнча, Бишкек шаарында 42 конуш бар, аларда 43 миң 55 кожолук жайгашкан. Эл экологиялык жактан таза жылытууну каалашат, бирок каржылык муктаждык ага жол бербейт. Ал эми кайсы бир бөлүгүндө жада калса газ дагы жок.

MoveGreen компаниясы беш конушта (Ак-Өргө, Ак-Ордо, Ала-Тоо, Калыс-Ордо, Бакай-Ата) жүргүзгөн сурамжылоо газга кошулган үйлөр дагы жылытуу үчүн көмүрдү колдонорун көрсөткөн. Газдын баасы кымбат, ал эми элде жалаң газ менен жылытууга каражат жетишсиз.

Бирок Бишкекте абаны булгаган башка факторлор дагы бар. Мисалы, унаалар, картадан “Ош базарынын” аймагы капкара экенин көрүүгө болот, буга ал жердеги унаа тыгындары жана булганган абаны шамал айдабагандыгы деп болжолдоого болот.

Соцтармактарда зыяндуу заттарды чыгаруунун булактары боюнча олуттуу талаштар жүрүп келет. Айрымдар абаны кимиси көбүрөөк булгайт – ЖЭБ, жеке сектор, же автоунаабы деп талашууда. “Булардын бири экинчисинен көбүрөөк булгайт деп айтууга болбойт”, - дейт Улуттук илимдер академиясынын Геомеханика жана жер казынасын өздөштүрүү институтунун геоэкологиялык мониторинг лабораториясынын башчысы Исакбек Торгоев.

Дагы абаны булгоочу очок – борбор калаанын түндүгүндөгү жыл бою күйүп турган таштанды полигону. Дал ушул Төмөнкү Ала-Арча аймагындагы абанын булгануусуна таасирин тийгизүүдө деп болжолдосок болот. Картадан Төмөнкү Ала-Арчада PM2.5 концентрациясы шаардын түштүк бөлүгүнө караганда көп экенин көрүүгө болот.

Ошондой эле метеорологиялык шарттар (туман, тескери шамал, инверсия), өзгөчө кыш мезгилинде борбор калаанын атмосфералык абасында булгоочу заттардын топтолушуна шарт түзөт.

Бир нече илимий борборлор – Тянь-Шань Аналитикалык борбору (ТАК), АУЦА, ОБСЕнин академиясы, ошондой эле Курчап турган чөйрөнү жана өнүгүүнү изилдөө борбору (CER) жана Борбордук Азиядагы Америка университетинин прикладдык геология бөлүмү өткөн жайда борборубуздагы абанын сапатына изилдөө жүргүзүштү. 2019-2021-жылдары кышында Бишкек шаарындагы экстремалдык булганууну талдоо, климаттык шарттардын абанын булгануусуна таасири өтө жогору экендигин көрсөттү.

2019-жылы абанын экстремалдык булганышынын 4 учуру (баары декабрда), 2020-жылы – 5 (декабрда), 2021-жылы – 40 учур (бардыгы январь айында) катталган. 2019-жылдын февраль айынан бери АКШ элчилигиндеги датчик тарабынан катталган PM2.5тин өтө жогорку көрсөткүчтөрү Бишкекте температуранын инверсиялануусунун алдында болгон. Дагы бир тыянак, бул экстремалдык булгануунун алдында кар, жамгыр, туман же күчтүү антициклон байкалган.

Булгануу булактарына келсек, изилдөөчүлөр Бишкекте жылытуу мезгилиндеги PM2.5 затынын көбөйүп, абанын булганышына ЖЭБге кошулбаган үй чарбалары жана имараттар ири салым кошууда деген жыйынтыкка келген. Акыркы 6 жылда көмүрдөн абанын булгануусу 22%га өскөн. Мындан сырткары, атайын маалыматтар көмүрдү керектөө улам өсүп жатканын көрсөтүүдө.

2-орунда – ЖЭБ. Бирок изилдөөнүн авторлорунун бири, доцент, БААУнун прикладдык геология кафедрасынын башчысы Жээнбек Куленбеков ЖЭБдин абанын булгануусуна канчалык таасир тийгизип жатканын, ишканадагы атайын аппаратардын көрсөткүчүсүз баалоо кыйындыгын айтат.

Ал эми абанын булгануусуна булардан кийин эле унаалар ири салым кошуп жаткандыгын да эксперттер белгилешүүдө.

Реакция болобу?

2019-2020-жылдары кыш мезгилинде Бишкекте митингдер да өтүп, борбордук аянтка жүздөгөн адамдар чогулуп, экологиялык абалга нааразылыгын билдиришкен. Ал кезде Бишкектин абасы “аялуу топтогу адам үчүн кооптуу” деңгээлинен “баардык адамдардын ден соолугуна кооптуу” деген деңгээлге чейин өзгөрүп турган.

Ал кезде шаар бийлиги абанын кооптуу экенин моюнга алып, шаар тургундарына түтүндөн коргоочу бет кап кийүүнү жана аба тазалагычтарды сатып алууну сунуштаган. Бирок мына ушуну маселе калып калган.

Бүгүнкү күндө бийликтин реакциясы таптакыр жок экенин көрүп жатабыз. Өткөн парламенттик шайлоолордогу саясий партиялардын платформаларын изилдеп көрүп, алардын үчөө гана борбор калаадагы абанын булганышынын деңгээлине көңүл бурса, бир гана партиянын бул жааттагы өзгөрүүлөр боюнча кеңири стратегиясы болгонун көрүүгө болот. Бирок ал партия парламентке өтпөй калды. Бул олуттуу көйгөйгө чечим чыгаруучу адамдардын көңүлүн бурууга эмне себеп боло алат?

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан