Бишкектин абасын кантип тазалай алабыз?

Кыргыз өлкөсүнүн борбору Бишкектин абасы чындап эле таза болушу үчүн эмне кылуу керек?

Биз бир катар эксперттердин сунуштарын чогулттук. Талдоочулардын материалдарынын жок дегенде бир бөлүгү Бишкек шаарындагы абанын сапатын нормага жакындатууга жардам берет деп ишенебиз.


Глобалдык кадамдар

2021-жылдын жай мезгилине чейин Дүйнөлүк банктын Борбордук Азия боюнча аймактык директору болуп иштеген, экологиялык долбоорлордо артыкчылыктуу иш жүргүзгөн Лилия Бурунчук бир нече кадамдарды аткаруу менен таза абага жетүүгө болот деп эсептейт.

Эксперт өнөр-жай ишканалары, анын ичинде чакан ишканалар үчүн эмиссиянын стандарттарын кайра карап чыгуу зарыл дейт. Калдыктардын, таштандылардын чектөөлөрүн белгилеген экологиялык уруксат системасы абанын сапатын жакшыртууга да, аймактагы экономикалык өсүшкө да салым кошуусу керек. Бүгүнкү күндө өнөр-жайды өнүктүрүү артыкчылыктуу багыт бойдон калууда, бирок ага жашоочулардын ден соолугун бузбай турган жолдор менен жетүү керек.

Отундардын, жылытуу технологияларынын таза түрүнө акырындык менен өтүү - алдыдагы миң жылдыктын дагы бир тенденциясы. Келечекте Кыргызстан атмосферага зыяндуу бөлүкчөлөрдүн жана парник (күнөскана) газдарынын чыгарылышын азайткан энергия булактарына өтүшү керек. Экологиялык жактан таза, эффективдүү болгон күн жана шамал энергиясын колдонуу кирет. Ушундай жол менен өндүрүлгөн энергияны колдонуунун баштапкы этабында алгачкы инвестиция убакыттын өтүшү менен төмөнкү нарк менен компенсацияланат. Иштеп жаткан жабдуулардын эффективдүүлүгүн жогорулатуу, энергиянын жашыл булактарына андан ары өтүү менен жакынкы келечекте прогрессивдүү технологияларды ишке киргизүү – бул кадамдардын бардыгы реалдуу жана экономикалык жактан жеткиликтүү.

Зарыл болгон өзгөрүүлөрдүн масштабы бир катар өнөр-жай секторлорунда, жергиликтүү администрацияларда, алтургай айрым үй чарбаларында толук өзгөртүүнү талап кылат. Бул үчүн өкмөт "жашыл субсидиялар" сыяктуу фискалдык стимулдарды жана зыяндуу эмиссиялар үчүн айып пул түрүндөгү эрежелерди колдоно алат. Экологиялык коопсуздуктун талаптарына жооп берген жогорку стандарттагы унааларды сатып алууну стимулдаштыруу үчүн салык жеңилдиктерин колдонуу, шаардагы жашыл зоналарга кирүүдө мындай транспорт ээлерине артыкчылык берүү керек.

Баарыбыз эле эртең менен ойгонуп ачык асманды көрүп, таза аба менен дем алып, жакшы жакка тез өзгөрүүнү каалайбыз. Тилекке каршы, андай болбой жатат. Бул кадамдардын баары мамлекеттик милдеттенмелерди, каржылык инвестицияны, потенциалды формалдуу түрдө жогорулатууну жана жаңы технологияларды киргизүүнү талап кылат.

Стратегиядан тактикага кадам

Катуу отундарды жагуу - Бишкектеги абанын булганышынын негизги себеби деп айтылат Орто Азиядагы Америка университетинин Айлана-чөйрөнү изилдөө жана өнүктүрүү борборунун баяндамасында.

Борбордун директору Рахат Сабырбеков kloop.kg`ге курган маегинде альтернативдик отунга, мисалы, электр энергияга жана газга өтүү зыяндуу заттардын бөлүнүп чыгуусун 30-60% азайтаарын айтты. Бирок кээ бир райондордо электр түйүндөрдө чыңалуу аз же газ таптакыр жок болуп жатат.

Андыктан үйдөгү электр энергияны үнөмдөө маселеси да актуалдуу: жылуулук имараттын ичинде узак сакталса көмүр керектөө кескин төмөндөйт. Бул үчүн турак жайды комплекстүү жылуулоо керек: үйдөгү шыптарды жана полдорду жылуулоо, зарыл болгон учурда жылытуу системасын алмаштыруу.

"Пластикалык терезени тандоо жылуулук жоготууга алып келиши толук мүмкүн. Тактап айтканда, материал сапатсыз болсо, жылуулук кармалбайт. Көп учурда жыгач терезелер пластикалык терезеден жакшыраак. Көптөгөн жарандар шыптарды жылуулоого көңүл бурушпайт. Негизи жылуулук энергиясынын басымдуу бөлүгү шып аркылуу чыгып кетет”, - дейт "Арча" жаратылыш мурасы демилгеси фондунун аткаруучу директору Дмитрий Ветошкин.

Ал эми Рахат Сабырбеков Улуу Британиянын тажрыйбасын колдонууну сунуштайт. Анда жарандар үйлөрүн жылуулоого милдеттендирилген. Анын пикиринде, бул үчүн курулуш материалдарына, энергияны үнөмдөөчү мештерге жана жылытуу системаларына белгилүү стандарттарды жана сертификацияны киргизүү зарыл.

"Эгер үйдүн сыртын жылуулабаса дубал аркылуу 35% жылуулук жоголот. Ал эми терезе жана эшик аркылуу - 25%, чатырдан - 25%, пайдубал жана пол аркылуу - 15% жылуулук кетет", - деди "Юнисон Групптун" жетекчиси жана Кыргызстандын энергетикасын туруктуу каржылоо программасынын улуттук менеджери (KyrSEFF) Нурзат Абдырасулова.


Ар бир жарандан көз каранды

Борбордун жана өлкөнүн бардык тургундарынын аң сезиминде бул көйгөйгө болгон мамиле өзгөрбөсө, кырдаал өзгөрбөйт.

"Абанын таза болушу шаардын ар бир тургунунан көз каранды. Ар бир адам абанын сапатын жакшыртуу үчүн эмне кыла аларын өзү ойлонуп, жазышы керек. Мисалы бак отургузуу, таштанды таштабоо, үйдү жылытуу жана башка ушул сыяктуу нерселерге токтолушу зарыл. Биз өкмөттү гана эмес, карапайым жарандарды да экологияны сактоого активдүү катышууга чакырабыз", - дейт эколог Бактыгүл Стакеева.

55 жаштагы бишкектик экономист Алмаз Жумашев абанын тазаланышына салым кошуп, өзгөрүүнү өзүнөн баштады. Ал көмүр, жараксыз пластиктерди күйгүзбөө үчүн үйүн жылуулады. Анан... шаар ичиндеги каттамдары үчүн унаадан баш тартты.

Активист башкаларды андан үлгү алууга үндөбөйт, анткени көпчүлүк үчүн унаа айдоо акча табуунун жалгыз жолу. Бирок экореволюция элдин аң сезиминде башталышы керек деп эсептейт. Ар ким бир аз болсо да аракет кылып, шаар бийлиги, саясий партиялар туура чечим кабыл алышса, Бишкек кайрадан жер шарындагы эң таза шаарлардын бири статусуна ээ болуп калышы толук мүмкүн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан