Квест: Ош облусунда бала бакчага баланы кантип киргизүү керек?

Ош шаарында же Ош облусунда бала бакчага баланы киргизүү кыйын иш. Мектепке чейинки балдар мекемелери ашыгы менен толгон, орун тартыштыгы абдан курч.

Билим берүү министрлигинин маалыматы боюнча, бала бакчага балдардын 40 пайызы гана барат. Бул статистикада ички мигранттардын балдары эсепке алынбаган, демек реалдуу көрсөткүч мындан дагы төмөн.
Экинчи борбордун жашоочулары балдарын бала бакчага беришпейт, анткени аларда орун жок жана көп учурда санитардык нормаларга жооп бербейт. Иликтөөчү журналисттер мамлекеттик balabakcha.edu.gov.kg порталынын жана шаардык билим берүү башкармалыгынын маалыматтарын талдап чыгышкан. Анын жыйынтыгы менен Оштогу бала бакчалардын жарымынан көбү ашыгы менен толгону белгилүү болгон.

Тар жана ыңгайсыздыкта

Ар бир бала бакча үчүн балдардын максималдуу санын аныктоочу ченемдер белгиленген. Бирок Ошто бала бакчалардын 58 пайызы нормадан эки-үч эсе көп баланы кабыл алган. Уктоочу маалда көпчүлүк убакта бир керебетке балдарды экиден жаткырышат. Кичинекей оюн аянтчаларында балдар кеңири бурулуп ойной дагы алышпайт. Мындай учурда санитардык аралык тууралуу сөз болушу да мүмкүн эмес. Албетте, бул жугуштуу оорулардын кескин көбөйүшүнө алып келет. Топтогу бир бала тумоолосо эки-үч күндөн кийин калгандары дагы бүт тумоого чалдыгат. Ата-энелер балдары бат-баттан ооруп жатканын жана жугуштуу оорулардан башка ооруларга дагы чалдыгып жатканын айтып келишет. Анткени бала бакчадагы кызматкерлердин саны кадимки топторго ылайыкташкан, 30 баланын ордуна 100 баланы кароо чынында өтө кыйын.

Балалыктан узун кезек

Оштун тургуну Айбек Жумашев 2018-жылы өлкөнүн ири шаарларында электрондук кезек киргизилери менен уулун бала бакчага жайгаштыруу үчүн электрондук кезекке турган. Кезек 2021-жылы жеткен, бирок дал ушул жылы анын уулу биринчи класска окуп калды. Мындай окуялар бир четинен күлкүнү келтирсе, экинчи тарабынан ыза кылат. Аталган кезекке турган адамдын алдында орточо көрсөткүч менен миңден ашык адам болот. Ата-энелерин өздөрүнүн кезегин онлайн көрүп тура алышат. Тургундар “белек” көтөрүп барган ата-энелердин балдары кезекти аттап өтүп кетерин айтып келишет. Бирок Ош шаардык билим берүү башкармалыгы балдарды бала бакчага кабыл алууда ата-энесинен эч ким акча албайт жана кезек сакталат деп билдирип, тез-тез өтүп турган текшерүүлөрдүн жыйынтыгын көрсөтүп келишет.

Канча бала бакча керек?

Бүгүнкү күндө Ош шаарында 48 муниципалдык бала бакча бар. Алардын үчөө жакынкы жылдары эле пайдаланууга берилди. Эгемендүүлүк жылдарында 15 гана мектепке чейинки балдар мекемеси курулган. Бирок дагы ар бири 250 орундуу 70 бала бакча керек. Адистер жакынкы 10 жылда Ош облусунда калктын санынын өсүшү бул сандарды үч эсеге көбөйтөт деп болжолдошууда.

Учурда Ош шаарындагы бала бакчаларга 19 миңден ашуун бала кезекте турат. Айрым ата-энелер балдарын менчик бала бакчаларга берип жатышат, бирок алар көпчүлүк шаар тургундары үчүн өтө эле кымбат.

Эмне кылуу керек?

Билим берүү боюнча эксперт Куштарбек Кимсанов айрым порталдарга курган маегинде менчик мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин санын көбөйтүү керектигин айткан. «Маселени чечүүнүн эки жолу бар. Биринчиси, муниципалдык бала бакчалардын санын көбөйтүү. Экинчиси, менчик бала бакчалардын санын көбөйтүү. Мамлекеттик түзүмдөр бардык күч-аракетин ушуга багытташы керек. Ал эми Билим берүү министрлиги лицензия берүүнү жөнөкөйлөштүрүп, бюрократияны токтотушу керек», - дейт эксперт. Анын пикиринде, менчик бала бакчалар көбөйсө, алардын кызмат көрсөтүүлөрүнүн баасы да арзан болот, анткени атаандаштык таасир этет дейт.

ЖИА Бизнес-ассоциациясынын юристи Бакыт Сартмаметов дагы бала бакча ачууга лицензия алуу оңой эмес деген эксперттин сөзүн тастыктайт. Уставды бекитүү үчүн ишкерлер жер-жерлерде Билим берүү министрлигинин башкармалыктары болгонуна карабастан Бишкекке келишет. «Эгер документте кандайдыр бир кемчиликтер болсо, министрлик аны четке кагат дагы кайра бюрократияга айланып кетет», - деп түшүндүрдү Сартмаметов.

Менчикке өтүп кеткен бала бакчалардын имараттарын кантип кайтаруу керек?

Дагы бир резерв бар – СССР тушунда бала бакча болгон имараттар. Эгемендүүлүк жылдарында Ош шаарындагы 12 бала бакчанын имараты менчикке же кандайдыр бир уюмдардын балансына өткөн. Бүгүнкү күндө бийлик төрт гана объектти кайра кайтарган. Ош шаарынын мэриясынын менчикке өткөн бала бакчалардын имараттарын муниципалитеттин балансына кайтаруу аракетинен азырынча натыйжа бере элек. Мисалга мурда бала бакча болгон имаратта азыр СПИДге каршы күрөшүү борбору жайгашкан. Бул дагы маанилүү жана керектүү мекеме, бирок олуттуу оору менен балдардын эсебинен күрөш жүргүзүү канчалык туура? Коомдук уюмдардын, саясий партиялардын жана республикалык маанидеги мамлекеттик башкаруу түзүмдөрүнүн күч-аракетин ушул маселени чечүүгө багыттоо керек. Анткени мектепке чейинки билим берүүнүн жоктугунан мектептеги окуунун сапаты дагы төмөндөйт. Келечекке кам көрүү азыр эң приоритеттүү иш, аны чечмейин өлкөнүн өнүгүүсүнө үмүт артуу бекер иш!

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан