Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар үчүн коопсуз шаар

Расмий маалыматтарга таянсак, Кыргызстанда 160 миңден ашуун ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адам бар. Көз карандысыз эксперттердин расмий эмес маалыматтары бул көрсөткүчкө кеминде 50 миңди кошууну сунуштоодо. Биздин өлкөнүн шаарларында ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдар үчүн инфраструктура талапка жооп бербейт, тагыраагы иш жүзүндө социалдык да, шаардык да шарттар жок.

Сандар жана фактылар

Алар кантип күн кечирет? Социалдык фонддун маалыматына ылайык, алардын 80 пайызы жакырчылыкта күн кечирет. Жөлөк пулу аз өлчөмдө. Алар мобилдүүлүктү жөнөкөйлөтүүчү жогорку технологиялык түзүлүштөрдү ала алышпайт. Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү жарандар жумушка кире алышпайт. Иш берүүчүлөр аларды жумушка албайт. А эгер аларды жумушка алганда деле кантип жумушка киресиң? Жумуш эмне болуп калыптыр, үйгө эң жакын 3 кварталды көрүү - чоң көйгөй.

«Даанакер» коомдук уюмунун жетекчиси Айжамал Тарыкчиева өз байкоолору менен бөлүшөт: "Эч жерде пандустар жок, жадакалса Бишкекте дагы. Мен мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар менен көп баарлашам, биздин аймактарды айтпай эле коёюн, борбор калаада деле аларга шарт жок. Элестетип көргүлөчү, майыптар коляскасындагы адам коомдук транспортко кантип түшүп калат? Макул эми транспортко чейин көптөр дагы эле көп кабаттуу үйдөн көчөгө чыгышы керек. Бул милдетти өзү аткарууга болобу? Колубузду көкүрөгүбүзгө коюп айталы - биз майыптарга алар жоктой мамиле кылабыз же алар жөн гана жакындарынын көйгөйү сыяктуу. Бирок жардам бере турган туугандар дайыма эле боло бербейт. Коомго пайдасы тийип, интернатта жашаган адамчы?".

Инфраструктура көйгөйлөрүнө стигмалар (басмарлоо) кошулат.

"Биз шаарда ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдарды чанда кезиктиребиз. Албетте, элибиз аларды ачык эле жек көрүшпөйт, бирок баары бир буту жок же колу жок адамды көргөндө алыстаганга аракет кылып, көрбөй калгандай түр көрсөтүп, көп ата-энелер балдарынын ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдар менен достошуп ойношун каалабайт. Тактап айтканда, адамдар алардан жөн эле коркушат, аларга туура мамиле кылууну билишпейт.

Бир кезде алар жөн эле обочолонуп, кийин алар үчүн интернаттар курулуп, алар дарыланып, окуп калышкан. Азыркы учурда алар сырттан жардамсыз тепкичтен түшүп, жолду кесип, тар эшиктен кире албай, дүкөнгө кире албай, коомдук эс алуу жайларын пайдалана албагандыктан үйүндө, туугандарынын же мамлекеттин көзөмөлүндөгү атайын мекемелерде отурууга аргасыз болушат", - дейт USAID уюмунун эксперти Касиет Карачолокова.

Чыгуу жолу барбы?

Эгер ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү жаранга акча, тамак-аш, дары-дармек менен жардам берип, ачык асманга алып чыккан жакындары жок болсо, анда мындай адамдын жашоосу түрмөгө эле эмес, ашкере жакырчылыкка да айланат.

Кыргызстан 2011-жылы БУУнун Майыптардын укуктары боюнча конвенциясына кол койгон. Бул кадам Роза Отунбаеванын демилгеси менен ишке ашкан. Ошол учурда Роза Отунбаева өлкөнү жетектеп турган. Ал 2019-жылы ратификацияланган.

Конвенциянын негизги максаты – ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдарга ар бир адам үчүн бирдей укуктарды ишке ашыруу кепилдиги менен камсыз кылуу. Мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар толук кандуу жашоого мүмкүнчүлүк алышы керек. Чынында эле алардын арасында өлкөнүн өнүгүшүнө салым кошо алгандар аз эмес. Ал ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын коомдун жарандык, саясий, экономикалык, социалдык жана маданий турмушуна толук кандуу катышуусун камсыз кылууга, басмырлоону жоюуга, ошондой эле майыптардын укуктарын коргоонун натыйжалуу механизмдерин түзүүгө багытталган. Башкача айтканда, эгер биз өзүбүздү цивилизациялуу мамлекет деп эсептесек, мындай учурдан айланып өтүүгө жол жок.

"Майыптардын укуктары боюнча конвенцияны ратификациялоо үчүн 30,6 миллиард сом өлчөмүндө мамлекеттик инвестиция керек. Эгерде бул акча каражаты жумшала турган иш-чаралардын планын үчкө бөлсөк, анда: инфраструктурага 5,1 миллиард сом, башка чыгымдарга 1,6 миллиард сом, ал эми эң көп бөлүгү – 23,5 миллиард сом – ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар үчүн турак жай курууга", - дейт социалдык тармак боюнча эксперт Бурул Сүйүналиева.

Бул сумма 10 жылдык мөөнөттө жумшалышы керек. Азырынча бул багытта мамлекет тарабынан долбоорлор ишке ашырыла элек. Саясий партиялардын, бийликтин, жарандык активисттердин өлкө үчүн өтө маанилүү ишти – мамлекетибиздин цивилизациялуу болушуна иш жүзүндө жардам көрсөтүүгө мүмкүнчүлүгү бар. Анткени ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү жарандарга болгон мамиле ар бир өлкөнүн гуманитардык потенциалын, өнүгүү деңгээлин өлчөйт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан