Жылнаама. 26-ноябрь: Бүткүл дүйнөлүк маалымат күнү

*26-ноябрь - Бүткүл дүйнөлүк маалымат күнү. Бул күн 1994-жылдан бери белгиленип келет. Маалымат күнүн белгилөө боюнча Бириккен улуттар уюмундагы экономикалык-социалдык кеңешинде жана Бүткүл дүйнөлүк маалыматтык парламентте башкы консультативдик статусу бар Эл аралык маалымат менен камсыздоо академиясы демилге көтөрүп чыккан. Дал ушул күнү 1992-жылы биринчи маалымат менен камсыз кылуу боюнча Эл аралык форум болуп өткөн. Бүткүл дүйнөлүк маалымат күнүн дүйнөнүн көпчүлүк мамлекеттери белгилеп келет.

*1904-жылы (109 жыл мурун) Суворов музейинин ачылыш салтанаты болуп өткөн. Орус генералиссимусу Александр Васильевич Суворовдун каза болгондугунун 100 жылдыгына карата А.В.Суворов атындагы мамлекеттик мемориалдык музейи 1900-жылы Санкт-Петербург шаарында негизделген. Бирок расмий түрдө 1904-жылы, аскер башчынын 175 жылдыгына карата ачылган.
*1917-жылы (96 жыл мурун) Канадада Улуттук Хоккей Лигасы негизделген. Улуттук Хоккей Лигасы — АКШ жана Канададагы хоккей командаларын бириктирген профессионалдуу спорттук уюм. Ал дүйнөдөгү биринчи профессионалдуу хоккей лигасы болуп эсептелинет. Ошондой эле ал NBA, NFL, MLB сыяктуу эң негизги спорттук лигалардын бири. Улуттук Хоккей Лигасы алгач уюшулганда 4 гана команданын башын бириктирип турган. 2000-2001-жылдардан бери ага АКШ жана Канаданын 29 шаарларынан 30 команда кирип, жыл сайын Стэнли Кубогу үчүн күч сынашып келишет.
*1939-жылы (74 жыл мурун) ырчы жана актриса Тина Тёрнер туулган. Америкалык ырчы, актриса жана бийчи Тина Тёрнердин өз ысымы - Анна Мэй Буллок. "Грэмми" сыйлыгынын 8 жолу ээси Тина өзүнүн сахнада алып жүрүүсү, темпераменти менен "Рок-н-роллдун ханышасы" аталган. Бий чеберчилигин мыкты өздөштүргөндүгү үчүн дүйнөдөгү мыкты бийчилердин ондугуна кирет. Американын белгилүү "Роллинг Стоун" журналы Тина Тёрнерди азыркы замандын эң мыкты ырчыларынын бири деп атаган.

кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан