Белгилей кетсек, "Шамбала" тасмасы белгилүү жазуучу Чыңгыз Айтматовдун "Ак кеме" повестинин негизинде тартылган. Ал буга чейин КМШ чөлкөмүндөгү эң мыкты тасма аталып, Орусиянын "Ника" киносыйлыгын жеңип алган. "Оскар" киносыйлыгына да көрсөтүлгөн. Бүгүнкү күндө аталган тасма эл аралык 29 сыйлыкка ээ болду.