Билим берүү жана илим министрлиги Кыргыз өлкөсү 12 жылдык мектеп билим берүүсүнө өтүү себептерин түшүндүрүп берди. Бул тууралуу министрликтин расмий сайтына жарыяланды.
Ага ылайык:
- 12 жылдык мектеп – жалпы дүйнөлүк тренд. Дүйнөнүн 136 өлкөсү (АКШ, Сингапур, Финляндия, Грузия, Казакстан жана башка) өз балдарын жана жаштарды 12 жыл окутуп жатат. Эгерде балаңыз Кыргызстанда мектепти аяктагандан кийин андан ары чет жакта билим алуу үчүн окууга тапшыра турган болсо, бул ыңгайлуу. Анын ичинде бул Кыргызстандан мектепти аяктаган бүтүрүүчүнүн аттестатын чет мамлекетте таанууну жеңилдетет.
- Иш жүзүндө өлкөдө мектепке чейинки даярдоону 1-класска кыйынчылыксыз өткөрүү (трансформациялоо) болжолдонууда. Бул толук кандуу 12 жылдык мектеп билим берүүсүн түзөт. Мында – жаштар азыркы 11 жылдык окутуудагыдай эле куракта мектепти аяктайт дегендик. Ошону менен бирге 12 жылдык билим берүүгө өтүү 2022-жылы эмес, бардык зарыл окуу материалдары иштелип чыккандан кийин жүзөгө ашырылат.
- Система 12 жылдык билим берүүгө өтүүгө даяр – өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдүн колдоосу менен соңку бир нече жылда мектептердин астында 4 миңге жакын мектепке чейинки даярдоо классы акырындык менен түзүлүп, жабдылып калган, аларга жыл сайын 5,5 – 6,5 жаштагы 102-107 миңдей бала барат (бул 1-класска барган балдардын жалпы санынын 70 пайыздан ашуунун түзөт).
- Мектепке 6 жаштан тартып кабыл алуу бала бакчалардын жүгүн кыйла азайтып, балдардын эрте куракта, мисалы, 2 жаштан тартып бала бакчага баруусуна мүмкүндүк берет, азыр болсо орун жоктугунан мүмкүн эмес болуп жатат.
- мектеп окуу программасы жалпысынан жүктөмдү азайтып, 12 жыл аралыгында бирдей кайра бөлүштүрүү жагына кайра каралат. Бул балдарга өнүктүрүүчү ийримдерге, спорттук секцияларга, өздөрү кызыккан курстарга, эс алууга көбүрөөк бош убакыт калтырууга мүмкүндүк берет. Башталгыч класстарда үй тапшырмаларына 1,5 сааттан ашпаган убакыт, ортоңку класстарда – 2,5 сааттан ашпаган убакыт, жогорку класстарда – 3,5 сааттан ашпаган убакыт кетет.
- 12 жылдык мектеп келечектеги кесипти тандоого көбүрөөк багытталган. Бул колледждердеги жана жогорку окуу жайлардагы жалпы билим берүү предметтеринин санын кыскартууга жардам берип, аларга кесиптик блоктордун атайын сабактарына көбүрөөк басым жасоого мүмкүндүк түзөт.
- 12 жылдык мектепте окуучунун 3 айлык же 6 айлык кесипке даярдоо курстарынан өтүп, кесиптик лицейлердин базасында кыска мөөнөттөрдө жөнөкөй, бирок көбүнчө зарыл болгон жумушчу кесипти алуусуна убакыт болот. Каалоосуна жараша, албетте. Кандайдыр бир негизги кесипти алуу, эгерде жаштарга мектепти аяктагандан кийин үй-бүлөлүк жагдайга жараша дароо эле эмгек базарына чыгуу зарыл болсо, аларга жардамга келерин эске тутуу маанилүү.
Билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев өлкөдөгү мектептер эми 12 жылдык билим берүүгө өтүү демилгеси көтөрүлүп жатканын, мындай кадамга баруу дүйнөлүк билим берүү системасына шайкеш келерин билдирген. Министрдин демилгеси интернет айдыңында кызуу талкууга алынган.