Экс-премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев абактан бошотулду

Бишкек шаарынын Свердлов райондук соту Жантөрө Сатыбалдиевге карата козголгон кылмыш ишин кайрадан карады. Бул тууралуу Бишкек шаардык сотунун басма сөз кызматынан билдиришти.

Свердлов райондук соту Сатыбалдиевдин баш коргоо чарасын үй камагына өзгөрттү. Кийин соттун өкүмү менен Жантөрө Сатыбалдиев Кылмыш-жаза кодексинин "кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренеси боюнча күнөөлүү деп табылып, кылмыш жоопкерчилигине тартуунун эскирүү мөөнөтү өтүп кеткендигине байланыштуу сот айыпталуучуга жазаны белгилеген эмес.

Эске салсак, Бишкек ЖЭБин жаңылоодогу коррупция боюнча иш буга чейин эки инстанцияда, ал эми 2020-жылдын 22-июнунда Жогорку Сотто каралып, чечим чыгарылган. Ага ылайык Жантөрө Сатыбалдиев Бишкек ЖЭБин модернизациялоо иши боюнча соттолуп, 7 жыл 6 айга эркинен ажыратылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан