Маданият министрлигинин кызматкерлери “Жашыл мурас” улуттук өнөктүгүн улай ишембиликке чыгышты

Маданият министрлигинин кызматкерлери “Жашыл мурас” улуттук өнөктүгүн улай ишембиликке чыгышты. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги өзүнө карамагындагы түзүмдүк бөлүмдөрү менен биргеликте “Жашыл мурас” улуттук өнөктүгүн улай Орто-Сай айылындагы Флагштоктун аймагына көчөт отургузду.

Буга чейин президент Садыр Жапаров Кыргызстандагы Тоолордун экосистемасын коргоо жана климаттык туруктуулук жылынын алкагында "Жашыл мурас" улуттук өнөктүгү башталганын жарыялаган.

Өнөктүк 12-мартта "Ала-Арча" мамлекеттик жаратылыш багынын аймагында көчөт отургузуу башталып, ага эл аралык уюмдардын, элчиликтердин, мамлекеттик жана муниципалдык органдардын өкүлдөрү катышкан.

Иш-чарада өлкө башчысы Кыргызстанда "Жашыл мурас" улуттук өнөктүгү өлкө боюнча жыл сайын белгиленчү салтка айлана турганын айтып, ар жылы 5-6 миллион даана көчөт отургузуу тууралуу маалымат берилген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан