Билимсиздик же түшүнбөстүк? COVID-19 пандемиясы учурунда эмдөөгө каршы болгондордун ролу

Биз үч жылдан бери СОVID-19 пандемиясына каршы күрөшүү менен жашап келебиз, Кыргызстанда эки жумадан бери СОVID-19га байланыштуу оору жана өлүм катталган жок, бирок Кытайдагы кырдаал коркунуч али күчүнөн кайта электигинен кабар берет.

Пандемия башталган учурда эле социалдык тармактар жана гезит беттери пандемияны жеңип оорудан айыктыра турган «сыйкырдуу дары» же вакцина табылса экен деген чакырыктарга толуп калган. Эми пандемия башталгандан бир жыл өткөндөн кийин 2020-жылдын 1-декабрында Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму Pfizer/BioNTech компаниясынын Comirnaty вакцинасын өзгөчө кырдаалдарда колдонула турган каражат катары уруксат берген. Бул вакцина бир жыл мурда оору башталган учурдан тартып ДСУнун шашылыш уруксатын алган СОVID-19га каршы алгачкы вакцина болуп саналат.

Ушул окуядан тартып адамзаттын жашоосунда пандемияга каршы күрөшүү жана миллиондогон адам өмүрлөрүн сактап калууга мүмкүнчүлүк жаралган. Муну менен бир катар илимпоздор инфекцияга каршы күрөштө кеңири мүмкүнчүлүктөрдү камсыз кыла турган башка вакциналарды иштеп чыгуу аракетинде эмгектенишүүдө.

Бирок вакцина түрүндөгү куткаруучу каражаттар табылганы менен Кыргызстандын калкынын арасында СОVID-19 пандемиясына каршы күрөшүүдө эмдөөдөн баш тарткан терс маанайдагы көрүнүштөр келип чыкты. Эмдөөгө каршы чыккандар препарат толук изилденип бүтө элек, адамдын ден соолугуна зыян келтириши мүмкүн деген пикирлерди карманышууда. Иш жүзүндө бардык вакциналарды ойлоп табуу дүйнөлүк коомчулуктагы мыкты илимпоздор иштеп чыккан бирдиктүү технологиялардын негизинде ишке ашырылат. Бул эч качан сыр болгон эмес, болгону эмдөөдөн баш тарткан сабатсыздар кайсы бир кызыкчылыктан улам фактыларды бурмалап жатышат. Ойлонуп көрүп, дүйнө жүзүндө эмдөөгө каршы аракеттер кандайча башталгандыгын териштирсек болот.

Эмдөөгө каршы аракеттер биринчи вакцина ойлоп табылган учурда эле башталган, эске салсак чечек илдетине каршы биринчи вакцинаны Эдвард Женнер ойлоп тапкан, ал бул коркунучтуу ооруну изилдөөгө бүт өмүрүн арнаган. Эмдөө чечек илдетин жугузуп алуудан коргогону менен, бардык эле адамдар эмдөөдөн өтүүгө шашылган эмес. Ал эми азыркы учурда массалык эмдөөдөн өтүүнүн натыйжасында соң чечек илдети түп тамырынан жок болгон.

Натыйжада, вакцинанын натыйжалуулугу өзүнө каршы иштей баштады, адамдар мурда балдары кептөөр оорусунан кыйналганын, кызамыктан өлүп калганын, шал оорусунан майып болуп калганын, паротиттен тукумсуз болуп калганын унутушту.

Ошондой эле эмдөөгө каршы аракеттерден улам чечек жок кылынганы менен, дагы деле кызамыктан арыла элекпиз. Азыркы заманда эмдөөгө каршы чыккандардын «атасы» болуп англиялык врач Эндрю Уэйкфилд эсептелет, ал 1998-жылы кызамыкка, эпидемиялык паротитке жана кызылчага (КПК) каршы вакциналар аутизмге алып келет деген макаласын жарыялаган. Бул эл арасында массалык кооптонууларды жана толкундоолорду жараткан. Уэйкфилд таанымал адам болуп чыга келген, ал эми вакцинаны милдеттүү профилактикалык эмдөө календарынан алып салуу керек деп чыгышкан. Бул макала чыккандан кийин башка өлкөлөрдөгү көптөгөн илимпоздор изилдөөнү кайталап анын аныктыгын тастыкоого аракет кылышкан, бирок бир дагы илимпоз муну ырастаган жок.

Изилдөө тууралуу кыскача айта кетсек 1988-жылы Улуу Британияда массалык түрдө кызамыкка, эпидемиялык паротитке жана кызылчага (КПК) каршы үч компоненттен турган комбинациялык вакцина колдонула баштаган, ал эми 1994-жылдын башында КПК вакцинасы балдар арасында баш мээдеги көйгөйлөрдү пайда кылат деген алгачкы божомолдор айтыла баштаган. 1997-жылы бул көйгөйдү вакцинадагы кызамык вирусу пайда кылат деген негиз менен Уэйкфилд кызамыкка каршы моновакцинага (бир компоненттүү), аутизмди дарылоо үчүн башка препараттар менен бирге, патенттик табыштама берет. Андан соң The Lancet медициналык журналына автор жүргүзгөн 12 клиникалык изилдөөнүн негизиндеги КПК вакцинасы жана аутизмдин ортосунда байланыш бар деген корутунду берген макала жарыяланат. 2004-жылы медициналык журналист Брайан Дир ушул 12 клиникалык изилдөөгө катышкан балдардын көпчүлүгү КПК вакцинасын өндүрүүчүлөргө карата соттук даттанууларга катышкан үй-бүлөлөрдүн балдары экендигин, ал эми Уэйкфилддин маалыматтары атайылап бурмалангандыгын байкаган. 2010-жылы The Lancet журналы 1998-жылдагы макаланы жокко чыгарган, ушул эле жылы Уэйкфилд Медициналык иш жүргүзүү лицензиясынан ажыратылган.

Зыян келтирилип, Улуу Британияда кызамыкка чалдыккандардын саны 1998-жылда катталган 56 учурдан 1348ге жеткен, 2008-жылы алардын экөө өлүм менен аяктаган.

Чынында эки оорунун ортосундагы байланышты далилдөө үчүн 12 клиникалык изилдөө өтө эле аз. Ушундай эле аутизмге себеп болду деген башка 12 клиникалык учурду зоопаркка барып келгенден, таксиде жүргөндөн кийин же түшкү тыныгуудан кийин башталды деп айта берсе боло берет. Материалды туура тандап алуу жана дизайнын белгилеп алуу – кайсы болбосун илимий изилдөө үчүн маанилүү материал болуп бере тургандыгын изилдөөчү илимпоздор ырастайт.

КПК вакцинасы жана аутизмдин ортосундагы байланышты издөөгө байланышкан масштабдуу изилдөөлөр жүргүзүлгөн. Данияда илимпоздор ири улуттук изилдөө жүргүзүшкөн, ага 650 миң бала тартылган, эмдөө жана аутизмдин ортосундагы байланыш байкалган эмес. 2015-жылы америкалык окумуштуулар дагы 100 миң баланын ичинен эмдөө жана аутизмдин ортосундагы байланышты тапкан эмес.

Кызамык –заманбап эмдөөнүн натыйжалуулугу боюнча эң көрүнүктүү мисал боло алат, ошону менен бирге эмдөөгө каршы маанай бул вирусту жок кылуу аракетин жокко чыгарып жаткандыгын айгинелеп турат. Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму берген баасы боюнча 2000-2017-жылдарда кызамыкка каршы эмдөө 21,1 миллион адам өмүрүн сактап калган, глобалдуу адам өлүмү 80%га кыскарган, тактап айтканда 2000-жылы 545 000 адам өлүмү катталса 2017-жылы 110 000 учур катталган. Бирок, эмдөөгө каршы аракеттердин фонунда 2019-жылы 207 500 бала ушул вирустун айынан көз жумган.

Адамзат жашоосундагы кезектеги апаат - вакцина табылган күндө дагы СОVID-19 пандемиясынын дагы деле болуп жаткандыгы. Күн сайын миллиондогон адамдар вакцина алышууда, бул вакцинанын коопсуз экендигинен, ал эми оорунун азайгандыгы жана адам өлүмү кыскаргандыгы анын натыйжалуулуу экендигинен кабар берет.

Биз баарыбыз социумда жашайбыз жана терс маалыматтардын таралышына аргасыз катышып калышыбыз мүмкүн, бирок биздин милдет - бизге белгилүү болгон маалыматты акыл менен түшүнүп, пандемияны жеңүү аракетинде эл арасындагы айтылып жүргөн терс маалыматтарды токтотуу.

Бул статья АКШнын (USAID) эл аралык агенттигинин "Саламаттык сактоо системасынын туруктуулугун бекемдөө" (LHSS) долбоорунун алкагында даярдалган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан