Кыргызстан ЕАЭБ боюнча келишимге кол коюлган күнүнүн бир жылдыгына арналган көргөзмөгө катышууда

Орусиянын Тышкы иштер министрлигинде ЕАЭБ боюнча келишимге кол коюлгандыгынын бир жылдыгына жана Евразия экономикалык комиссиясынын ишинин 10 жылдыгына арналган көргөзмө ачылды.

Көргөзмөдө ЕАЭБ жана ЕЭКтеги эң орчундуу окуяларды – документтерге кол коюуну, саммиттик жолугушууларды, биргелешип ишке ашырылган долбоорлордун презентацияларын чагылдырган фото жана видеоматериалдар тартууланды.

Ачылышта Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин КМШ өлкөлөрү боюнча биринчи департаментинин директору Михаил Евдокимов жана Кыргызстандын өкүлү, ЕЭК протоколдук жана уюштуруучулук камсыздоо департаментинин директору Данияр Турусбеков сөз сүйлөштү. Ушундай эле көргөзмө Бишкек шаарында, президенттин иш башкармалыгынын имаратында уюштурулду.

Белгилей кетсек, ЕАЭБге мүчө болуу Кыргызстанга сезилерлик пайда алып келди. Бул Орусиядагы эмгек мигранттарыбыздын кызыкчылыктарын жана укуктарын туура коргоого мүмкүндүк берет. 2021-жылдын жыйынтыгы боюнча Кыргызстандын соодасынын жалпы көлөмүндө ЕАЭБдеги өнөктөш мамлекеттер менен өз ара сооданын үлүшү 47,4% түздү. Орусиянын өз ара соодадагы үлүшү ЕАЭБ алкагындагы Кыргыз Республикасынын товар жүгүртүүсүнүн үчтөн экисин түздү.

Бүгүнкү күндө Кыргыз Республикасындагы мунай продуктуларынын 94,7% Орусиянын Федерациясынан ташылып келинет. Эксперттердин баамында, Кыргыз Республикасы экономикасын негизги тышкы экономикалык өнөктөштөрдөн обочолонуп өнүктүрө албайт жана Орусия менен болгон алака Евразия мейкиндигинде тынчтыктын жана туруктуу өнүгүүнүн кызыкчылыгында бекемделиши керек.

ЕЭК коллегиясынын төрагасы Михаил Мясникович мурда белгилегендей, 2021-жылы ИДПнын өсүшү 4,6%га камсыздалган, бул пандемияга чейинки деңгээлден ашкан.

Кооперативдик поставкалар (31,5 процентке) өстү. ЕАЭБдин өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмү 2021-жылы 1,4 триллион долларды түзүп, 2020-жылга салыштырмалуу 5,3%га өстү. Анын айтымында, бул ЕАЭБдин натыйжалуулугунун реалдуу көрсөткүчтөрү.

"2022-2023-жылдары чындыктын учуру келет. Айрыкча санкциялар боюнча. Мен ишенем, бизде ЕАЭБ чыңдалышы үчүн бардык негизги шарттар бар. Бул фундаменталдык шарттардын эң негизгиси – Евразиялык экономикалык биримдик жөнүндө келишимде бекитилген биздин өлкөлөрдүн биримдиги. Мен Биримдик өлкөлөрүнүн жана анын байкоочу мамлекеттеринин бардык жарандарын заманбап тарыхтагы маанилүү этаптын сегиз жылдыгы менен куттуктайм", - деп белгиледи Михаил Мясникович.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан