Президенттин парламенттеги мурдагы өкүлү Курманбек Дыйканбаев акталды

Президенттин Жогорку Кеңештеги мурдагы өкүлү Курманбек Дыйканбаев акталды. Бул тууралуу Биринчи Май райондук сотунун басма сөз кызматынан билдиришти.

"Соттун өкүмүнө ылайык, Курманбек Дыйканбаев Жазык кодексинин 204-беренесинин 3-бөлүгү жана 320-беренесинин 4-бөлүгүндө көрсөтүлгөн кылмыштар боюнча күнөөсүз деп табылды жана анын аракеттеринде аталган кылмыштардын курамы болбогондугу үчүн акталды", - дешти мекемеден.

Маалымат үчүн:

Курманбек Дыйканбаев былтыр 24-ноябрда 320-берене менен ("кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу") боюнча кылмышка шектелип кармалган. Соттун 2021-жылдын 1-апрелиндеги токтомуна ылайык, мурда тандалган камакка алуу түрүндөгү бөгөт коюу чарасы үй камагына өзгөртүлгөн.

Ал октябрь айындагы шайлоо өнөктүгү убагында стратегиялык маанидеги ишканалардын биринин жетекчисин кызматтан алып саларын айтып, бир партиянын кызыкчылыгы үчүн 7 миллион сом берүүгө мажбурлаганы айтылган.

Курманбек Дыйканбаев 4-октябрдагы парламенттик шайлоого "Биримдик" партиясы менен катышкан. Президенттин Жогорку Кеңештеги ыйгарым укуктуу өкүлү болуп 2018-жылдын февраль айында дайындалган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан