ЭЛДИК КАБАР: "Селден кийин көчөлөр тазаланбай, тургундарга кыйынчылык жаралды" дейт окурман

SUPER.KG порталынын "Элдик кабар" бөлүмүнө Сузак районунун Сайпидин Атабеков айыл өкмөтүнүн Кара-Жыгач айылынын тургуну кайрылды. Айтымында, аталган айылды 4-май күнү сел каптаган. ӨКМнын кызматкерлеринин шалаакылыгынын айынан айыл азыркы учурда да каралбай жатат.

"Менин үйүм селдин биринчи топтолгон жеринде калган. Үйүмдү, короо-жайымды суу каптады. Унаамды суу агызды. Жадакалса суу өтүүчү түтүктү да туура эмес орнотушкан. Азыр жаан жааса эле менин эшигимдин алдына агып келет.

Жогору жактагылар бардык маалымат булактарына "жардам бердик" деп айтышууда. Мен биринен да 1 сом жардам алган жокмун. Тескерисинче, бир айдан ашык убакыттан бери көчөлөрүбүз каралбай, жашоого мүмкүнчүлүк жок", - дейт тургун.

Белгилей кетсек , 4-5-май күндөрү жаан катуу жаагандыктан Жалал-Абад облусунун бир катар аймагын сел каптаган. Мындан улам бир топ тургундардын үйүн, короо-жайын сел алып, жашоо кыйындаган.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан