Мындан ары карызга акча бере албай тургандыгынан кыргызстандыктар кабардарбы?

Жакынына жардам берүү – кыргыз элине тиешелүү сапат. Акыркы 30 жылдан берки башыбыздан өткөрүп келаткан кыйынчылыктарда бизге өз ара бири-бирибизге көмөктөшүү сапатыбыз жардамын тийгизип келе жатат. Бири-бирибизден бизнес ачуу, үй куруу, унаа сатып алуу, үлпөт тоюн өткөрүү үчүн карыз акча алып келдик. Бул жол менен каатчылык мезгилдерди да жеңил жаттык.

Бирок Жогорку Кеңештин депутаттарынын дыкат ойлонулбаган бир чечими биздин өз ара жардамдашуу системабызды арсар абалда калтырды.

2021-жылы эл өкүлдөрү банк ишиндеги жана каржылоосундагы ислам принциптеринин бир бөлүгүндөгү укуктук эрежелерди жөнгө салуу үчүн Жарандык кодекске өзгөртүүлөрдү киргизди. Ал эми иш жүзүндө болсо бул өзгөртүүлөр юридикалык карама-каршы кырдаалдардын чыгышына жана көмүскө экономиканын гүлдөшүнө алып келди. Кыргыз Республикасынын Конституциясында бекитилген жарандардын базалык жана экономикалык эркиндикти уюштуруу укугу бузулду.

Тагыраак айтканда, мындан ары жеке жактар дагы, юридикалык жактар дагы лицензиясы жок бир айдын ичинде бир жолудан көп кимдир бирөөгө карыз акча бере алышпайт. Эл үчүн эч кандай жөнөкөйлөтүүлөр каралган эмес. Карызды коңшуңа бересиңби же аялыңа бересиңби айырмасы жок. Лицензиясы жок берүүгө болбойт. Бул акылга сыйбаган иш!

Жакынына карыз акча берүү үчүн кимдир-бирөөнүн барып лицензия алары өтө күмөн. Бүтпөгөн кезек күтүүлөр менен бюрократиядан улам эл мамлекеттик органдарга кайрылууну каалабайт.

Бул кырдаал тууралуу карапайым кыргызстандыктар билеби? Ушул суроо менен биз Бишкектин көчөлөрүндөгү элге сурамжылоо жасап көрдүк.

"Карызга акча бербейм. Анткени бере турган акчам жок" деген жооп өтө көп айтылды.

"Карызга акча бербейм. Бирок алам. Мисалы айына бир жолу бир эле адамдан алып турам. Ал адам бул мыйзамды билбейт. Эскертип коюш керек экен", - деди бишкектик айым.

Сурамжылоого катышкандардын үчтөн бир бөлүгү гана досторуна, кесиптештерине жана туугандарына карызга акча беришет. Калган бөлүгүнүн мындай мүмкүнчүлүгү жок. Ал эми ошол карыз акча бергендердин бирөөнүн дагы жогоруда аталган мыйзам тууралуу кабары жок.

"Таң калбай деле калдым. Депутаттар туунун өңүн, Бишкектин атын өзгөртүү менен гана алектенип калышты. Карапайым элдин кантип жашап жаткандыгы аларды ойлондурган жок", - дейт сурамжылоого катышкандардын бири.

"Күч алган каатчылык убагында мындай мыйзам кабыл алуу - өз элине каршы чыгуу дегенди билдирет. Эртеден кечке иштегенибиз менен каражатыбыз тамак-ашка да жетпей калууда. Баары эле убак-убагы менен карыз акча алып турууга муктаж. Депутаттар кимдин кызыкчылыгын коргоп жатышат? Жөнөкөй эл кантип жашап жаткандыгын алар билишпейт", - деп нааразычылыгын билдирди шаар тургуну.

"Кээде карызга акча берип турам. Ал эми мыйзамга киргизилген өзгөртүү жөнүндө кабарым жок экен. Ал мыйзам кантип иштейт? Ким кимге канча суммада карыз берип жаткандыгын мамлекет кантип билет? Адамдар барып өзүлөрү айтпайт да. Менимче, биздин экономиканын көпчүлүк бөлүгү көмүскөдө", - деди катышкандардын дагы бири.

Чынында бул мыйзамды көзөмөлдөө көйгөйлүү болуп саналат. Муну да ишке ашпаган, кагаз жүзүндө гана бар мыйзамдар сакталган калың папкага тиркеп койсо болот. Анткени менен бул жерде бир жагдай бар.

Мыйзамга киргизилген бул өзгөртүүлөр шылуундар үчүн чоң мүмкүнчүлүктөрдү түзүп бериши ыктымал. Карызга акча алып туруп, карыз берүүчүнүн тиешелүү лицензиясы жок деп карызды кайтарбай коюшу мүмкүн. Опузалайт же дароо сотко берет. Ошондуктан эл канчалык мыйзамдагы бул өзгөртүү жөнүндө аз кабардар болгон сайын мыйзамга жамынган шылуундардын күнү тууйт.

Коомдогу укуктук сабатсыздык жыл санап өсүүдө. Улам эле өзгөртүлө берген мыйзамдарды карап отурганга элдин убактысы жок. Ошондой эле эл баш аламан туюндурмаларды түшүнө бербейт. Буга байланыштуу эл өкүлдөрүнүн ролу дагы да өсүүдө. Алар элдин кызыкчылыгын, терең ойлонулган жана түшүнүктүү мыйзамдарды кабыл алышы керек. Эгер кайсы бир мыйзамда бир аз мүчүлүштүк болсо дароо оңдолууга тийиш. Болбосо, укуктук сабатсыздык Жогорку Кеңешти да бийлептир дегенден башка аргабыз жок.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан