Бажы кызматынын мурдагы төрагасы Адамкул Жунусов акталды

Бажы кызматынын мурдагы төрагасы Адамкул Жунусов акталды. Маалыматты Бишкек шаардык сотунун басма сөз кызматынан тастыкташты.

"Бишкек шаардык сотунун 2022-жылдын 9-июнундагы өкүмү менен Ж.А.Ө. аракетинде Кылмыш-жаза кодексинин 30-беренесинин 4-бөлүгү, 304-беренесинин 1-бөлүгү жана 3-бөлүгү менен кылмыштын курамы жок болгондуктан акталды", - дешти мекемеден.

Маалымат үчүн:

Адамкул Жунусов Интерпол тарабынан эл аралык издөөдө жүрүп, 4-декабрда Баку шаарынан кармалган. Ага карата 304-берене (кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу) боюнча айып тагылып камакка алынган.
Адамкул Жунусов өлкөнүн Бажы кызматынын төрагасы болуп 2013-2016-жылдары иштеген. 2016-жылы 20-апрелде кызматынан бошотулган.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан