Бишкекте түрк тасмаларынын жумалыгы өтөт

Бишкек шаарында 16-20-июнь күндөрү "Йерли Дүшүнже/ Жергиликтүү ой пикир" коому тарабынан уюштурулуп жаткан 6-түрк тасмалары жумалыгы өтөт.

Маалыматка ылайык, 16-июнда 6-түрк тасмалары жумалыгынын Кыргызстан саамалыгынын бет ачары Россия кинотеатрында "Арноо - Ыйык күрөш" тасмасын көрсөтүү менен ишке ашырылат. Түрк тасмалары жумалыгында кесипкөй режиссерлордун сыйлык алган эмгектери менен бирге кино сүйүүчүлөрүнүн кызыгуусун жараткан популярдуу тасмалары да жалпы көрүүчүлөрдүн назарына сунулат.

"16-20-июнь күндөрүндө өткөрүлүп жаткан "Түрк тасмалары жумалыгы - Бишкек саамалыгында: "Арноо – Ыйык күрөш", "Сүйүү айттырбай келет", "Үнсүз дарак", "Ичимдеги каарман" жана анимациялык "Стамбулдун сакчылары" аттуу тасмалар кино сүйүүчүлөргө акысыз көрсөтүлөт. Өзгөчө бул жумалыктын алкагында кино көрсөтүүлөрдөн кийин искусство адамдары менен көрүүчүлөрдүн ортосунда жолугушуу мүмкүнчүлүгү жаратылат.

Кыргыз-түрк Манас университетинин студенттери менен түрк киносу боюнча баарлашуу өткөрүлөт. Саамалыктын алкагында Түркиядан келген режиссерлор, актерлер жана продюсерлер менен Кыргызстандык кино актёрлорунун арасында жолугушуулар менен катар орток эмгектер жаратуу боюнча эки тараптуу сүйлөшүүлөр жана баарлашуулар ишке ашырылат", - деп жазылган маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан