Коомдук ишмер Мирлан Орозбаев бүгүнкү өткөн пресс-конференцияда депутаттардын терең ойлонулбаган чечими Кыргызстанды кантип экономикалык жана социалдык ташкынга алып келе жатканын айтып берди.
Анын айтуусу боюнча, 2021-жылы Жогорку Кеңештин депутаттары Жарандык кодекстин 724-беренесине оңдоолорду киргизишкен. Мындан ары бир айдын ичинде жеке же физикалык жактар бир же андан көп жолу кимдир бирөөгө карызга акча бере турган болсо, мыйзамга ылайык бул аракет насыя берүү же банктык ишмердүүлүк болуп эсептелинет дагы, Улуттук банктын лицензиясын алууну талап кыла турган болгон.
"Депутаттардын мында кайсы максатты көздөгөнү белгисиз. Жарандар менен уюмдар мындан утушка ээ болбой эле, тескерисинче кыйынчылыктарга дуушар болуп калышты. Учурдагы жашоо-турмуш оңой болуп жатпагандан кийин, көпчүлүгүбүз карыз акча алганга мажбурбуз же карыз беребиз. Ошондуктан бул өзгөртүүлөр баарыбызга тиешелүү болуп саналат", - дейт Мирлан Орозбаев.
Анын белгилешинче, насыя тууралуу мыйзамга киргизилген өзгөртүүлөр коомдук талкууга коюлган эмес жана мыйзамды бузуу менен кабыл алынган.
Бул иш Кыргызстандын Конституциясында бекитилген ишкерлик кылуу эркиндигин чектөө менен потенциалдуу насыя берүүчү жана алуучулардын экономикалык эркиндикке болгон укугуна доо кетирип жатат.
"Балким, ал жаңылыштык менен кабыл алынып калгандыр же кимдир бирөө аны сүрөмөлөгөн болушу мүмкүн. Депутаттардын билип туруп элге каршы келе турган мындай мыйзам кабыл алганына ишенгиң да келбейт. Себеби эл лицензия ала албайт – жеке жактардын лицензия алуусу мүмкүн эмес", - деген оюн билдирет Мирлан Орозбаев.
Активисттин ою боюнча, бул өзгөртүүлөр ниети бузук адамдар үчүн жакшы шарттарды түзүп берет. Кимдир бирөөлөр кайтарбай коюу максатында бирөөдөн карыз акча алышы мүмкүн дагы, лицензиясы жок деген өңүттө ортодогу ишти жараксыз деп таап сотко бериши мүмкүн.
"Өзгөртүүлөр киргизилгенден кийин өлкөдө көмүскө түрдө насыя берүү ишмердүүлүгү күчөгөн. Эл үчүн бул бизнес болгону менен аны эч ким көзөмөлгө албайт", - дейт Мирлан Орозбаев. Ошондой эле көмүскө түрүндө насыя берүүчүлөр күрөөнүн ордуна карыз алуучунун паспортунун оригиналын сурашат.
Жогоруда аталган өзгөртүүлөрдөн улам түз жана кыйыр түрдө эмгек мигранттары, чекене соода менен алектенген соодагерлер, шаардык транспорттун айдоочулары, кыймылсыз мүлк тармагындагы уюмдар жана башка көптөгөн коммерциялык түзүмдөр жапа чегүүгө үлгүрүштү.
Абал күндөн күнгө оорлошуп баратат. Насыя берүү ишин кримтөбөлдөр барган сайын басып алып, карыз алгандарга коркутуулар болуп жаткан учурлар аз эмес.
"Эң эле коркунучтуусу криминалдык түзүмдөр карыз алуучулардын паспортундагы маалыматтарды алып, өзү каалагандай колдонушу мүмкүн. Мисалы, банктан көп суммадагы насыя алып коё алышат деген коркунуч бар.
Бүгүнкү күндөгү каатчылык шартында элдин көбү бирин эки кыла албай, чоочун адамдардан насыя алып тобокелге барууга мажбур. Алардын мындан башка альтернативасы жок.
Эл өкүлдөрү элдин үнүн угууга милдеттүү. Жетинчи чакырылыштын депутаттарын бул маселеге көңүл бурууга чакырам. Оңдоолорду өзгөртүү же жокко чыгаруу зарыл. Эң негизгиси алар эл укугун кысымга албашы керек", - дейт Мирлан Орозбаев.