Ноокатта ок атуучу куралды мыйзамсыз саткан жаран кармалды

Ош облусунун Ноокат районунда ок атуучу куралдарды мыйзамсыз сатып жүргөн жаран колго түшүрүлдү. Облустук милициядан маалымдашкандай, шектүүнүн мыйзамсыз иш-аракеттери боюнча алдын ала билдирүү түшкөн.
Кылмыштын бетин ачуу максатында тийиштүү кызматтарга тергөө тапшырмалар берилип, ыкчам аракеттердин жүрүшүндө Төлөйкөн айылынын тургуну кармалды.
Кармалган жарандын жанынан акча, жашаган жерине тинтүү жүргүзгөн учурда бир даана сайсыз кыркылган абалдагы курал, 3 даана патрон, андан сырткары гильза, затвор, ствол табылып алынган.
Жогорудагылардын негизинде кылмыш иши козголуп тергөө амалдары жүргүзүлүп жатканын кошумчалашат башкармалыктан.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан