ЭЛДИК КАБАР: "Эмне үчүн бизде ПЦР-тест жокко чыгарылбай жатат?" дейт тургун

Порталыбыздын "ЭЛДИК КАБАР" бөлүмүнө Ош облусунун тургуну кайрылды. Жергиликтүү тургун коңшу өлкөлөргө барууда аэропорттон ПЦР-тести талап кылынып жатканын айтып, анын себебине кызыкты.

"Коңшу өлкөлөрдө ПЦР-тестин жокко чыгарганына бир ай болду. ПЦР-тести биздин өлкөдө эле сурап жатат. Менин иним Ош-Москва багыты боюнча учуп кетти. Оштогу аба майданынан ПЦР-тестин сурап, Москвадагы аэропорттон сурабаптыр. Эмне үчүн бизде дагы деле жокко чыгарылбай жатат? Президентибиз Садыр Нургожоевич жана министрлер кабинетинин төрагасы ушул маселени чечип беришсе кубанат элек", - дейт окурман.

Эскерте кетсек, Кыргызстанда ПЦР-тесттин болушу тууралуу талап 2022-жылдын 1-майынан тарта жоюлган. Кыргызстандыктар КМШ өлкөлөрүнөн Азербайжан, Армения, Беларусь, Казакстан, Өзбекстан, Орусияга киргенде ПЦР-тест талап кылынбайт. Мындан тышкары Грузия, Түркия, Кипрге кирүүдө ПЦР-тест же антиген анализинин жыйынтыгын көрсөтүүнүн кажети жок.




Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан