Сауд Арабиянын Медина шаарында учурда (25-июнга карата көрсөткүч) 95 миң 194 зыяратчы бар. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Андагы маалыматта Сауд Арабиянын Ажылык жана умра министрлиги 215 миңдей зыяратчы Мединадагы Принц Мохаммед бин Абдулазиз эл аралык аэропорту аркылуу, дагы 17 миңи чек ара бекеттери аркылуу барганы жазылат. Зыяратчылардын эң көбү Бангладештен 12 миң адам, андан кийин Нигерия, Индия, Индонезия жана Ирактан барган. Буга чейин 171 миңдей зыяратчы Мединадан чыгып, Меккеге багыт алышкан.