Футбол боюнча Кыргыз улуттук курама командасынын жарым коргоочусу Турсунали Рустамов бишкектик "Дордой" клубу менен келишим түздү. Бул тууралуу "Дордой" клубунун басма сөз кызматынан билдиришти.
32 жаштагы футболчу клубда 10-номер менен ойнойт.
Турсунали Рустамов буга чейин Кочкор-Атанын "Нефтчи" футболдук клубунда ойноп келген.