ЭЛДИК КАБАР: "Нотариуска кезекке туруу үчүн таңкы беште келип, анда да ишин бүтпөйт" дейт тургун

Порталыбыздын "ЭЛДИК КАБАР" бөлүмүнө Ош облусундагы Алай районунун тургуну кайрылды. Окурман райондогу нотариуста жалгыз кызматкер иштерин, ал жакка келген эл кезек күтүү менен убактысы кетип жатканын айтып даттанды.

"Алай райондук нотариуска кирүү өзүнчө эле чоң машакат. Эмне үчүн мындай чоң районго бир гана, болгондо да жардамчысы жок, кассири жок нотариус иштейт? Ага кезекке туруу үчүн таңкы беште келип анда да ишиң бүтпөй калат экен. Муну эки күн бою кезекке турганда бул азап экендигин жон терим менен сездим. Кээ бир чыдабагандар атайын унаа жалдап Ош шаарына кетип жатышты. А бирок жер, үй маселесине байланыштуу кагаздар райондук мамлекеттик нотариустан чечилиши керек. Айла жок саргарып күткөнгө туура келди.

Райондук жетекчиликтин мындай көйгөйдү чечүүгө убактысы да, каалоосу да жок сыяктуу. Баягы эле кыйналган карапайым эл", - дейт тургун.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан