Кыргыз спортчулары Өзбекстанда өткөн таэквондо боюнча эл аралык мелдеште 7 медаль жеңип алышты

Өзбекстанда өткөн таэквондонун ITF түрү боюнча Өзбекстандын ачык кубогунда кыргыз спортчулары 7 медаль жеңип алышты. Бул тууралуу спорттун аталган түрү боюнча КРнын Федерациясынан билдиришти. Белгилүү болгондой, мелдеш Ташкент шаарында өтүп, ага Казакстан, Кыргызстан, Өзбекстандан болуп жалпысынан 400дөй спортчу катышты. Жыйынтыгында кыргыз балбандары 4 күмүш, 3 коло медаль тагынып кайтышты. Атай кетсек, кыргыздын намысын аталган мелдеште Актан Толкун уулу, Дадахон Сабиров, Барчынай Өзгөнбаева, Арсен Ыса уулу, Равшан Собиров, Рахматилла Нурматов жана Хилола Толиповалар коргоп келишти. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан