4-декабрда жаан-чачын күтүлбөйт. Түштүк-батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метр, ал эми түнкүсүн Ысык-Көл облусунда 15-20 метрге чейин жетет.
Эскертүү! 2013-жылдын 3-декабрынан 4-декабрына чейин жаап өткөн жаан-чачынга байланыштуу, Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек-Ош (121-137-км, 198-265-км), Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайкуу (45-90-км, 145-150-км), Каракол-Эңилчек (45-90-км), Ала-Бука-Каныш-Кыя (62-100-км) унаа жолдорунда кар күчкүсү күтүлөт. Жолдор тайгак болот. Кар көчкү жүрүүчү аймактардагы жолдордо унаалардын ортосундагы 500 метр аралык сакталышы зарыл.
Республика боюнча күтүлгөн абанын температурасы төмөндөгүдөй:
Чүй облусу. Күндүз +17°C, түнкүсүн +4°C
Талас облусу. Күндүз +15°C, түнкүсүн -5°C
Ош жана Жалал-Абад облустары. Күндүз +17°C, түнкүсүн +3°C
Баткен облусу. Күндүз +16°C, түнкүсүн +2°C
Ысык-Көл облусу. Күндүз +7°C, түнкүсүн -5°C
Нарын облусу. Күндүз +6°C, түнкүсүн -12°C
Бишкек шаары. Күндүз +9°C, түнкүсүн -10°C
Борбор калаада 1974-жылы дал ушул күнү абанын температурасы күндүзү -24°C болгон.