Жылнаама. 4-декабрь: 33 жыл мурун Кыргыз ССРинин Министрлер кеңешинин төрагасы Султан Ибраимов өлтүрүлгөн

1980-жылы 4-декабрда Кыргыз ССРинин Министрлер кеңешинин төрагасы Султан Ибраимов Чолпон-Ата шаарындагы мамлекеттик дачада эс алуу маалында Смагин аттуу оорукчан адам өкмөт башчыны атып кеткен. Бир жылдан кийин ал Смагин аттуу адам милиция кызматкеринин моюн орогучуна асынып калган жеринен табылган. 
Ал убагында Кыргызстан компартия Борбордук Комитетинин айыл чарбасы боюнча катчылык кызматында, кийин Ош облустук партиялык комитетин 10 жыл жетектеп, Жогорку Кеңештин президиум төрагасы сыяктуу жооптуу мамлекеттик иштерде эмгектенген. С.Ибраимов ишке жана адамдарга карата болгон принципиалдуу мамилеси, дүйнөлүк кубулуштарга прогрессивдүү көз карашы менен айырмаланган. Айрым адистердин айтымында, Советтер Союзунда Султан Ибраимов С.М.Кировдон кийин киши колдуу өлтүрүлгөн жогорку бийлик адамы болгон.  
2003-жылы 4-декабрда Бишкек шаарында Борбор Азиянын суу-энергетика ресурстарын сарамжалдуу жана натыйжалуу пайдалануу үчүн эл аралык кызматташтыкты арттырууга арналган эл аралык конференция ишин баштаган. Конференцияга канатташ жайгашкан өлкөлөрдүн адистери катышып, региондогу суу-энергетика ресурстарын биргелешип пайдалануу боюнча пикир алмашуулар жүргөн.
1131-жылы 4-декабрда бүт дүйнөгө рубаилери менен белгилүү болгон перс жана тажик акыны, математик, астроном жана ойчул Омар Хайям Нишапурда туулган. Самарканд шаарында билим алган. Кийин Бухарага барып, ал жерде математик жана астроном катары көптөгөн ийгиликтерге жетишип, орто доордун алдынкы илимпоздорунун бири болгонго жетишет.
4-декабрь, 1969-жылы атактуу рэп-ырчы Жей Зи туулган.

кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан