Мазда үлгүсүндөгү унааны башкарып келе жаткан 21 жаштагы Бегайым жөө киши өтүүчү жолдон 43 жаштагы Базаркүлдү сүзүп алган. Анын кесепетинен жабырлануучу денесинен ар кандай жаракаттарды алган. Бул туурасында Бишкек ШИИББнин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, жол кырсыгы Жантөшев жана Байтик баатыр көчөлөрүнүн кесилишинде болгон. Учурда тиешелүү материалдар топтолуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.