Бүгүн Кыргыз өлкөсүнө UFC мушкери Хабиб Нурмогомедов менен блогер Хасбулла Магомедов келди. Көпчүлүктү кызыктырган блогер Хасбулла тууралуу кызыктуу 10 фактыны сунуштайбыз.
- Хасбулла 2002-жылы 22 январда Дагестанда төрөлгөн.
- Анын бою 93 сантиметр болсо, салмагы 18 килограммды түзөт.
- Блогердин Инстаграм баракчасында 2 миллион 700 миң катталуучусу бар.
- Хасбулла бош убактысынын көбүн социалдык тармактарда баракчаларын өнүктүрүү менен алектенет.
- Ал коомчулукка ТикТок аркылуу «Клубника — бомба, честно говоря!» аттуу видео ролиги менен таанылган.
- Хасбулланын бою көпчүлүктү кызыктырат, буга эмне себеп болгону белгисиз. Балким, генетика, балким, тукум куучулук.
- Блогердин көп достору бар. Бош убактысынын көбүн алар менен чай ичүү менен өткөрөт.
- Хасбулла спорт менен машыкканды жактырат.
- Ал адамдар менен бат тил табышкандыктан, "жабык жашоого" негиз жок.
- Хасбулла жашоону абдан жакшы көрөт. Башкалар сыяктуу эле мектепке барган, теңтуштары менен ойночу. Куран китебин толук жаттагысы келет.