4-декабрда Бишкекте 2 кыз бейбаштык боюнча кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинен билдиришти.
Маалыматта айтылгандай, милиция бөлүмүнө “17 жаштагы кызымды түнкү 12лер чамасында борбордогу “Золотой Сезон” кафесинин жанынан 20-25 жаштагы эки кыз сабап кетишиптир” деген арыз менен бир айым кайрылган.
Изи сууй электе кылмышка шектелип борбордун тургундары, 21 жаштагы Б.Жасмин жана 23 жаштагы Д.кызы Залкар милиция кызматкерлери тарабынан кармалды. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.