Жалал-Абадда 9 жөө жүрүүчүнү сүзүп кеткен айдоочу кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 22-ноябрда болжол менен саат 20:30да Мерседес Бенц-200Е унаасынын айдоочусу, Сузак районунун 1979-жылы туулган жараны Жалал-Абаддагы Тайгараев көчөсү менен бара жатып рулду башкара албай калган. Андан улам жол жээгинде топтошуп тургандарды сүзүп кеткен.
Кырсыктын натыйжасында Сузак районуна караштуу Таш-Булак айылдык округунун тургуну каза болуп, калгандары ар кандай жаракаттар менен ооруканага жеткирилген.
Медициналык-соттук экспертизанын жыйынтыгында айдоочунун мас абалда болгондугу аныкталды. Учурда иликтөө иштери жүрүүдө.