Ысык-Ата районунда "коногун өлтүргөн" деген шек менен үй ээси кармалды

 Ысык-Ата районунда "киши өлтүрдү" деген шек менен 24 жаштагы жигит кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИБинен 4-декабрда билдиришти.

Маалыматта айтылгандай, Төмөнкү Серафимовка айылындагы батирлердин биринен  24 жаштагы жергиликтүү тургундун жансыз денеси табылган. Эксперттердин алдын ала айтуусуна караганда, ал алган жаракаттарынан улам каза болгон.

Жергиликтүү кылмышкерлерди издөө бөлүмүнүн кызматкерлеринин билдирүүсүндө, үй ээси конок тоскон. Өлгөн жаран конокко чакырылгандардын бири болгон.

Учурда бул кылмыш ишине шектелип 24 жаштагы үй ээси кармалып, тергөө иштери жүрүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
tuigan.
2013-12-04 15:20:20
тооба кылдым
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан