Ош шаардык өрткө каршы күрөшүү жана өчүрүү кызматы билдиргендей, 2013-жылдын 11 ай аралыгында 365 миллион 500 миң сомдук материалдык баалуулуктарды өрт учурунда сактап калышкан. Маалыматка ылайык, Ош шаарында ушул күнгө чейин 218 өрт кырсыгы катталган. Алардын ичинен электрдик шаймандарын туура эмес пайдалануунун кесепетинен – 57, отко болгон байкоосуз мамиле – 89, үй жылытуучу мештеринин морлорунун туура эмес курулуусу – 12 , өзүн-өзү өрттөп алуу - 7 фактысы катталган. Мындан сырткары өрт учурунда 6 адам каза тапса, алардын бирөө өспүрүм болуп саналат. Жалпысынан өрттүн кесепетинен материалдык баалуулуктарга келтирилген зыян 15 миллион 813 127 сомду түзгөн.