Бишкек ШИИББнин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү бөлүмүнүн кызматкерлери баңгизатын мыйзамсыз сактап жүргөн 37 жаштагы Аламүдүн районунун тургунун кармашкан. Бул туурасында жогоруда аталган башкармалыктын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, кечээ, 3-декабрда "Аламүдүн" базарынын жанындагы аялдамадан шектүү катары К.Венераны кармашкан. Аны текшерүү учурунда 8 даана ширеңке кутучасындагы баңгизат (гашиш) табылган. Учурда бул факты боюнча тергөө амалдары жүрүп жатат.