Үстүбүздөгү жылдын 25-ноябрь күнү Сокулук районунун тургуну М.Алтынбектин үй-бүлөсүнө кол салуу болгон. Анын натыйжасында үй ээси М.Алтынбек алган жараатынан улам каза болгон. Кылмышка шектүүлөр аялын коркутуу менен андан 103 миң сом алып, из жашырышкан. Бул туурасында Чүй ОИИББнин басма сөз кызматы 4-декабрда билдирди.
Маалыматка караганда, бет кап кийген эки белгисиз адам үйдүн тосмосунан секирип кирип, эшикти каккылашкан. Үй ээси М.Алтынбек эшикти ачканда кылмышкерлер аны темир менен башка чаап ээсин оодарып, андан соң аялын коркутуп үйдөгү болгон акчаны алып, из жашырышкан.
Жогорудагы факты боюнча КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 97-беренеси (киши өлтүрүү) боюнча кылмыш иши козголгон.
Учурда кылмышка шектелип 1967-жылы туулган М.Бактыбек жана 1991-жылкы Г.Азат кармалды. Тергөө амалдары жүрүп жатат.