ЭЛДИК КАБАР: "15 күндөн бери таштанды алынбай жатат" дейт Бишкектин тургуну

Шаар ичинде жарым айдан бери таштандынын жанында жашап жатабыз. Мындай билдирүүнү ЭЛДИК КАБАР бөлүмүнө Бишкектин тургуну жөнөттү.

Анын айтымында, Бишкек шаарындагы Биринчи Май районунун Урицкий көчөсүндө таштанды 15 күндөн бери алына элек.

"Шаар ичинде жарым айдан бери таштандынын жанында жашап жатабыз. Тагыраак айтканда, "Тазалык" жарым айдан бери таштандыны алып кетпей жатат. Жайдын ысыгы бул болсо, таштандылар сасып жатат, иттер дагы чачат.

"Тазалыкка" деп ар бир адамга акча алышат. Мурункуга салыштырмалуу баа да көтөрүлгөн. Ушинтип таштанды сасып, чубалжып көчөлөрдө турганы жакшыбы?", - дейт окурман.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан