Дүйнөнүн калкынын саны расмий түрдө 8 миллиард адамга жетти жана дагы да өсүүдө. Бул тууралуу планетанын калкынын санын виртуалдуу эсептегич менен көзөмөл кылуучу Countrymetrics.info порталы маалымдайт.
Билдирүүдө айтылгандай, дүйнөдө 4 миллиарддан ашуун эркек жашайт. Ал эми аялдардын саны 3 миллиард 900 миллионду түзөт.
Ошондой эле порталдын маалыматы боюнча, адамдардын өлүмүнүн эң көп кездешкени жүрөк-кан тамыр оорусу, инсульт жана дем алуу органдарынын инфекциялык оорулары.