Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги 202 бала үчүн жайкы эс алууну уюштурду. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин колдоосу менен "Улан" балдардын ден соолукту чыңдоо борборунда Ысык-Көлдө 202 бала эс алат.
Ведомство Талас, Нарын, Ысык-Көл, Чүй облустарынан жана Бишкек шаарынан мүмкүнчүлүгү чектелген балдар, жетим балдар, ата-энесинин камкордугусуз калган жана турмуштук оор кырдаалда турган балдар үчүн жайкы эс алууну уюштурду.
Катталуу 15-августта башталган.