Нефрит ташын мыйзамсыз алып чыгып кетүүгө аракет кылган Кытай жараны кармалды. Бул туурасында УКМКнын басма сөз кызматы билдирет.
Маалыматка караганда, 26-ноябрь күнү “Торугарт” өткөрүү пунктунда Кытай Эл Республикасынын жараны Ф.Н. жалпы салмагы 14 тоннадан көп нефрит ташын мыйзамсыз өткөрүүгө аракет жасаган. Ал таштын наркы 6,8 миллион сомго бааланган.
Учурда бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 204-беренеси (аткезчилик) боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.