5-декабрда түнкүсүн кээ бир райондордо жаан жаап, карга айланат. Тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар түшөт. Ысык-Көл, Нарын облустарында жаан-чачын күтүлбөйт.
Эртең менен жана күндүз жаан-чачын көпчүлүк аймактарда күтүлөт, айрым жерлерде катуу жаайт. Зымдарга жана бактарга суу кар жармашат. Тоо этектеринде жана тоолуу райондордо жолдор тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге, Ысык-Көл акваториясында 19-24 метрге чейин жетет.
Республика боюнча күтүлгөн абанын температурасы төмөндөгүдөй:
Чүй облусу. Күндүз -5°C, түнкүсүн 5°C
Талас облусу. Күндүз +15°C, түнкүсүн -5°C
Ош жана Жалал-Абад облустары. Күндүз +5°C, түнкүсүн 5°C
Баткен облусу. Күндүз +2°C, түнкүсүн 5°C
Ысык-Көл облусу. Күндүз +7°C, түнкүсүн -5°C
Нарын облусу. Күндүз +2°C, түнкүсүн -6°C
Бишкек шаары. Күндүз -2°C, түнкүсүн -13°C