Apple компаниясы жаңы түзүлүштөрдү, анын ичинде iPhone 14 телефонун 7-сентябрда элге сунуштайт. Бул тууралуу чет элдик жалпыга маалымдоо каражаттары жазышууда.
Маалыматта айтылгандай, пандемия башталгандан бери салтка айлангандай иш-чара онлайн форматында өтөт. Анда iPhone 14, iPhone 14 Max, iPhone 14 Pro жана iPhone 14 Pro Max, ошондой эле iPad, Apple Watch'тын жаңы үлгүсү кардарларга сунушталат.
Ал эми iPhone 14 телефону сентябрь айынын ортосунда сатыла баштайт.